«Талибан» Өзбекстандан «Термез» соода борборунда музыка коюуну токтотууну суранды

«Талибан» Өзбекстандан «Термез» соода борборунда музыка коюуну токтотууну суранды

«Талибан» Өзбекстандан Афганистан менен чек арага жакын жайгашкан «Термез» эл аралык соода борборунда концерт жана музыкалык программаларды өткөрүүнү токтотууну суранды. Бул тууралуу Афганистандын Atlaspress басылмасы жазды.

Аталган соода борбор быйыл августтун аягында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын катышуусунда ачылган. Ал жерге афганистандыктарга 15 күнгө чейин визасыз жүрүүгө, иштөөгө уруксат берилген. Соода борбордо келген коноктор үчүн музыкалык программалар уюштурулуп, кечкисин өзбекстандык өнөрпоздор концерт тартуулап турган.

Ал эми Афганистанда музыка угууга тыюу салынгандыктан, «Талибан» Өзбекстандан «Термез» соода борборундагы музыка аттууну жок кылууну суранган. Болбосо өз жарандарына аталган базарга барууга тыюу саларын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>