Ханзаада Рахим Ага Хан V Кыргызстанга келдиТоктогулда жаңыланган стадион ачылдыОш–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев «Ош-Сити» компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады
Тамагына эле 322 млн коротулат. Соттолгондорду түрмөдө кармоонун натыйжасыздыгы айтылды
11.01.2024 | 11:47
Жазаларды аткаруу кызматына 2024-жылы 2 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев билдирди.
Анын маалыматында, өлкөдөгү түрмөлөрдө 7 миң 624 адам кармалууда. Эл өкүлү алардын тамагына эле күнүнө 239 сом, жылына 322 миллион сом коротулуп жатканын айтты.
“Күнүнө 486 сом коротуп, бекер кармап жатабыз. Азыр түрмөлөрдө эч кандай кайра тарбиялоо иштери жүрбөйт. Андыктан алар чыгып эле кайра кылмыш жасап жатышат. Тамагына эле 322 миллион сом коротобуз, андан тышкары, жылуулук, кийим-кечек сыяктуу чыгымдары бар”, – дейт Арсланбек Малиев.
Депутат Жазаларды аткаруу кызматын реформалап, аны өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү сунуштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом