Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
“Чет өлкөдөн вич, кургак учук жугузуп келип жатышат”. Депутат көзөмөл талап кылды (видео)
11.01.2024 | 11:14
Чет өлкөдөн кыргызстандыктар вич/СПИД, кургак учук илдеттери менен келип жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.
Ал четтен келгендерди көзөмөлгө алууну сунуштады.
Эл өкүлүндө канча адам, кандай жугуштуу оору менен келгендиги тууралуу маалыматы бар. Ал аны Минкабка өткөрүп берерин билдирди.
“Чет өлкөдөн жугуштуу ооруларды алып жүрүүчү жарандарыбыз келип жатыптыр. Алар кургак учук, вич илдети менен ооруйт. Жергиликтүү органдар аларды дароо каттоого алышы керек. Мына менде канча адам, Каяктан келгендиги тууралуу маалымат бар”, – дейт эл өкүлү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом