• +(996) 550 201 406  
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Тамактануучу жайдан 100 миң сом пара сураган Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды  

Бишкек мэриясынын кызматкери пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-августта Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын А.И. аттуу кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал коомдук тамактануучу жайларды текшерүү учурунда эреже бузулганын аныктаган жана жайкы тамактануучу жайды бузам деп опузалоо жолу менен ал жайдын ээсинен 100 миң сом талап кылган. Мындан сырткары мекемени узак мөөнөткө мыйзамсыз калкалап берүү убадасы менен акчалай акы төлөп туруну талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин алкагында 50 миң сом пара алып жатып кармалган.

Ага 326-берененин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен иш козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сунушталган жаңылыктар
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Бишкекте дагы 9 мектеп жана бала бакча оңдолот

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Компьютердик клубдарга барбагыла! Бишкек мэриясы түндө баскан өспүрүмдөргө рейд жүргүзүүдө - сүрөттөр

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Коомдук унаада жаңжал чыгарган аялдын үстүнөн айдоочу арыз жазды

ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Бишкекте кайрадан митинг. Түлөбаев иштен алган вице-мэрди кызмат ордуна кайтарууну талап кылышууда

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *