Коргоо министрлигинин Ысык-Көлдөгү «Тамга» аскердик санаторийинде капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Тендер 24-ноябрда жарыяланып, арыздар 9-декабрга чейин кабыл алынат. Оңдоо иштерине 56,6 млн сом жумшалары каралган.
Капиталдык оңдоо иштери келишим түзүлгөндөн кийин 4 ай аралыгында бүткөрүлүшү зарыл.
Телеграм каналыбызга катталыңыз