Парламент өкмөттүн 2021-жылдагы бюджет боюнча отчетун кабыл алды

Парламент өкмөттүн 2021-жылдагы бюджет боюнча отчетун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 2021-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер кабинетинин отчетун ошондой эле төмөнкү мыйзам долбоорлорун кабыл алды:

— “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”;

— «2023-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө».

Белгилей кетсек, парламенттин пленардык жыйынына Министрлер кабинетинин жалпы курамы катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин ишинин жыйынтыгы тууралуу жалпы маалымат берип, күн тартибинин маселелери  боюнча каржы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасады.

Талкуунун жыйынтыгында отчет канааттандырарлык деп табылып, ал эми мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>