Таңкы 5те ишке чыккан кайгуул кызматкери Ташиевден сыйлык алды

Таңкы 5те ишке чыккан кайгуул кызматкери Ташиевден сыйлык алды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Патрулдук милициянын кызматкери Амангелди Көлбаевге сыйлык тапшырды. Бул тууралуу комитеттен билдиришти.

Сержант Амангелди Көлбаев бүгүн тан эрте жол кыймылын көзөмөлгө алып турган. Аны ишке бара жаткан Камчыбек Ташиев саат 05:30дар чамасында көрүп, жолдо андан башка кайгуул кызматкерин жолуктурган эмес.

Сержант дароо УКМКга чакырылып, ага 100 миң сом сыйлык жана эркектердин кийимин саткан белгилүү Gutteridge брендинен белек тапшырды.

“Ар бир мамлекеттик кызматкер Кыргызстан үчүн берилгендик менен, ар бир саатын кызмат үчүн арнап, талыкпай эмгек кылууга милдеттүү”- деди Ташиев.

Айрым маалыматтарга караганда, УКМКнын төрагасы саат 04.30да Омандан Бишкекке учуп келип, бир сааттан кийин кайра жумушка кетип бара жаткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>