“Тарыхка варвардык мамиле”: Бекешев «Конокторду тосуу» мозаикасын кайтарууну талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан «Конокторду тосуу» мозаикасын кайтарууну талап кылды.
Ал мындай билдирүүсүн парламенттин жыйынында айтты. Эл өкүлү мозаиканы демонтаждаган учурда бийлик тарыхый мураска варвардык мамиле кылганын белгиледи.
“Муну ким жасаганын билбейм, Бишкек мэриясыбы же Президенттин иш башкармалыгыбы? Бирок Айтматов проспектиндеги мозаиканы бузушкан. Бул мозаика 1963-жылы жасалган. Бул доордун эстелиги, ал элдердин достугун чагылдырып турган. Тилекке каршы, бизде тарыхка өтө варвардык мамиле кылышты. Мени аны толугу менен бузушкан жок деп үмүттөнөм. Бул доордун эстелигин кайтарыңыздар”, — деди Бекешев.
Эске салсак, буга чейин Чыңгыз Айтматов проспектин оңдоп-түзөөдө белгилүү мозаиканы сактап, реставрациялоону убадалашкан. Бирок кийин аталган панно буздурулган. Мэрия бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин, ал эми проспекттеги реконструкция жана башка иштерди Президенттин иш башкармалыгы аткарып жатканын билдирген.