Майлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөтРоза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстүКыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалдыКыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салындыОш — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө
Ош шаарынын мурдагы вице-мэри коррупцияга шектелип камалды
03.09.2025 | 17:01

УКМК Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэри И.М.А. коррупцияга айыпталып, камакка алынганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-сентябрында аталган вице-мэр 55 гектардан ашык айыл чарба жерлерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу боюнча токтомдорго кол койгону аныкталган. Алардын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмү тарабынан “К.Т.” ЖЧКсынын пайдасына мамлекеттик актылар берилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында 21-августта И.М.А. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмүнүн (коррупция) негизинде УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар