Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Ташиев бир түндө УКМК 7-8 бажычыны кармаганын билдирди
05.12.2024 | 11:20
Ош облусунун Кара-Суу районунда 5-декабрга караган түнү 7-8 бажычы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Кара-Сууда мурда Райымбек Матраимовдун бажы терминалы бар болчу. Аны мамлекетке алып койгонбуз. Ал жерде бажычылардын уюшкан уюгун талкаладык. Ошондой эле Эсеп палатасынын Түндүк аймагы боюнча башчысы эки инспектору менен кармалды. Аларды жөндөн-жөн эле барып кармап алган жокпуз. Алар боюнча кылдат иш алып барылды”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом