Касымалиев өнүктүрүү фонддору каржылаган долбоорлор тууралуу айтып бердиУмра зыяратын уюштурган туркомпаниянын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкек шаарына 207 миңден ашуун түп жоогазын отургузулуудаМинистрлер кабинети: Курулушка уруксат берүү мөөнөтү үч эсеге кыскартылдыКыргызстанга жарым жылда 709,9 млн доллар түз чет элдик инвестиция тартылдыБишкектеги Политехникалык колледжге имаратты 7 күндө бошотуу тапшырылды — эмне болуп жатат?
Армениялык жана абхазиялык номерлер тагылган унааларга мунапыс берүү сунушталды
05.12.2024 | 10:56
Жогорку Кеңештин депутат Дастан Бекешев армениялык жана абхазиялык номерлер менен жүргөн унааларга мунапыс берип, аларды каттоого уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.
Ал учурда армениялык жана абхазиялык номерлер тагылган унаалар айып короосуна коюлуп жатканын, ал мыйзамдын талабы экенин айтып, бирок жарандарды кыйнабай мунапыс берүү туура болорун белгиледи.
“Мунапыс кылсак, биздин бюджетке акча түшөт, жарандарга да жакшы болот. Жарнадарды жүдөтпөй ушуну жасайлы”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом