Ташиев Чүй проспектисин тарыткан Old Bishkek’тин курулуштарын алып салууну тапшырды

08.12.2025 | 13:03

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нариман Түлеев куруп жаткан Old Bishkek аймагындагы жер астындагы өтмөктүн чуулгандуу курулушуна кийлигишти. Текшерүүдөн кийин ал Чүй проспектисиндеги жол кыймылына тоскоол болгон курулуштарды жана аялдамаларды алып салууну тапшырды.

Бүгүн атайын кызматтын башчысы мэр Айбек Жунушалиевдин жана ШИИБ башчысы Азамат Токтоналиевдин коштоосунда объектиге өзү келди. Буга социалдык тармактардагы бишкектиктердин жапырт арыздары себеп болду: эл «элиталык өтмөк» кезектеги соода борборуна айланып, унаа жолу тарытылып, жашыл аймак ээленип калганына нааразы болушкан.

Ташиев долбоордун жетекчиси Нариман Түлеевди катуу сынга алып, коммерциялык кызыкчылыктар тургундардын ыңгайлуулугунан жогору турбашы керектигин эскертти.

«Бул долбоор силердин маселеңерди эмес, жалпы шаардыктардын көйгөйүн чечиши керек», — деп баса белгиледи ал.

Scroll to Top