Чыккынчыларды, саткындарды жана саясий сойкуларды чек ара маселесин чечүүгө жибербөө керек. Мындай пикирин саясатчы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Саясатчы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга карата өзүнүн тынчыздануусун билдирип, элди сабырдуулукка чакырып өткөн.
[su_quote]Баарыбызга сабырдуулук керек,биз мамлекети ,президент жана бийлик ээлери бар элбиз. Мамлекетти, элди жерди сактоо,коргоо ошолордун түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз. А эгерде чече алышпаса, анда башка сөз, иш болот.[/su_quote]
16-сентябрь күнү кечке маал Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан жалпы 13 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.