Ташиев коррупционерлерди эми кандай жаза күтөрүн айтты

Ташиев коррупционерлерди эми кандай жаза күтөрүн айтты

Кыргызстанда коррупционерлерге карата катаал мыйзамдар күчүнө кирди. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, эми коррупционерлер түрмө мөөнөтүн алышат.

«Жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, коррупция менен кармалган адамдар штраф менен кутулуп кетпейт. Алар түрмө мөөнөтүн алышат. Алардын жакын туугандары мамлекеттик кызматтарда иштеген болсо, баары кызматтарынан четтетилет. Кармалган адам жазасын өтөп бүткөндөн кийин өмүр бою мамлекеттик, муниципалдык, укук коргоо органдарында жумушка кире албайт», — деди Ташиев.

Ал мамлекеттик кызматкерлерди коррупциялык иштерге барбоого акырды.

«2025-2026-жылдары коррупция толугу менен жоюлат. Бардыгына, айрыкча мамлекеттик кызматкерлерди эскертем, кийин билбей калдым дебегиле. Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш башталганда көптөр күлгөн, бирок учурда Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок экенин ишенимдүү айта алам. Коррупция дагы ошондой жок кылынат», — деди УКМК башчысы.

Белгилей кетсек, 31-декабрда президент Садыр Жапаров коррупционерлердин жазасын катаалдаткан мыйзамга кол койгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>