Ташиев Кыргызстандын Орусиядагы элчисине: Малаховко жооп кайтарыңыз, же сизди бийлик тыйдыбы?

Ташиев Кыргызстандын Орусиядагы элчисине: Малаховко жооп кайтарыңыз, же сизди бийлик тыйдыбы?

Камчыбек Ташиева Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун ишин сынга алды.

Саясатчы Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүндө, Андрей Малаховдун түз эфир учурунда Исламбек Акбаровду айыптап, жалпы кыргы элин кемсинткендиги боюнча жооп берүү керек экенин белгилеп өттү.

Сизге чагымчыл, деңгээли төмөн Малаховдун бүткүл кыргыз элин кемсинткен сөздөрүнө жооп берүү кыйынга турабы? Кадимки кырсыкты башка өңүткө буруу болуп жатат. Орус менен кыргыз эли ажырагыс бир эл. Эгер сиз кыргыз элин коргой албасаңыз, анда элчи болуп эмнеге дайындалдыңыз. Өзүңүз элеби же сизди дагы бийлик тыйдыбы? Эсиңизге келип, Малаховко жооп бериңиз. Сиз кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоого милдеттүүсүз”, — деп жазган ал.

Эске салсак, 24-сентябрда теле алып баруучуАндрей Малахов “Россия 1” телеканалынын түз эфириндеги  орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын өлүмүнө байланыштуу көрсөтүүдө Исламбек Акбаровду  адам өлтүрүүгө айыптап, анын туугандарын улутчулдук маанайдагы сөздөр менен кемсинткен.

Көп өтпөй социалдык тармактын колдонуучулары “Россия 1” телеканалынан жана Малаховдон кыргыздарды мазактаганы үчүн кечирим суроону талап кылып, #maLOHov деген хештег менен флешмоб башташкан.

Андан соң Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жана бир нече шоу-бизнес өкүлдөрү Малаховдун айткандарына үн катышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>