Ташиев Олимпиадага бара турган балбандар менен жолукту (сүрөт, видео)

Ташиев Олимпиадага бара турган балбандар менен жолукту (сүрөт, видео)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Париждеги Олимпиада оюндарына катыша турган балбандар жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту. Жолугушуу УКМКнын Ысык-Көлдөгү «Айкөл» пансионатында өттү.

Ташиев балбандарга ийгилик каалап, ар бири жеңишке татыкттуу экенин белгилеген.

Ал президенттин тапшырмасы менен спорттун бардык түрлөрүнө көңүл бурулуп, тиешелүү шарттар түзүлүп жатканын айткан.

УКМКнын төрагасы спортчуларга акчалай сыйлык жана белектерди тапшырып жатып алар Олимпиадада жеңишке жетишет деген ишенимин билдирген.

Эскерте кетсек, Париждеги Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 10 балбан барат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>