Ташиев сегиз балалуу энеге үч бөлмөлүү батир алып берди

Ташиев сегиз балалуу энеге үч бөлмөлүү батир алып берди

Камчыбек Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге Токмок шаарынан батир белек кылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка караганда, Айжан Бакалова сегиз баласын жалгыз тарбиялап келет. Алар УКМКнын төрагасына турак жай маселесин чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган.

Камчыбек Ташиев ага Токмок шаарынын кичи райондорунун биринен, бардык тиричилик шарттары жана эмерек буюмдары менен жабдылган үч бөлмөлүү батир тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>