БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Ташиев Стефан Таркович жана уулу Эмир-Хан боюнча суроолорго жооп берди
20.02.2024 | 09:45
УКМКнын төрагасы, футбол бирикмесинин президентти Камчыбек Ташиев улуттук кураманын машыктыруучусун тез-тез алмаштырууну туура көрбөйт. Бул тууралуу ал кечээ билдирди.
Ал кыргыз футболчулары алдыдагы дүйнөлүк чемпионатка тандоого кызуу даярданышы керектигин белгиледи.
“Стефан Таркович менен жолуга элекмин. Аны менен сүйлөшөбүз. Машыктыруучуну тез-тез алмаштырбай, шарт түзүп берүү керек”, – дейт ал.
Камчыбек Ташиев уулу Эмир-Хандын улуттук курамага чакырылышын машыктыруучу чечерин айтты.
“Ал 5 жылдан бери Европада окуп, ойноп жатат. Азыр “Барселонанын” жаштар курамында, бирок “Ла Масия” клубунда машыгат. Аны курама командага чакыруу маселесин машыктыруучу чечет”, – дейт бирикменин президенти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом