Саясатчы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу Испаниянын жогорку лигасында ойногон командага чакыруу алды. Бул тууралуу Ташиев өзү “Фейсбук» баракчасына жазды.
Ал кичүү уулу 15 жашар Эмир-Ханга Испаниянын жогорку лигасында ойногон “Леванте” футболдук клубунан кароодон өтүү үчүн чакыруу келгенин жазган.
Буга чейин Италиянын серия «Б», экинчи лигасындагы « Перуджа» командасынын курамында ойноп жаткан.