Ташкентте 20 жүргүнчүсү менен автобус оодарылып кетти

Ташкентте 20 жүргүнчүсү менен автобус оодарылып кетти

Ташкент облусунун Бекабад шаарындагы айланма жолдо автобус оодарылып кетип, салондогу 20 жүргүнчүнүн төртөө ооруканага жеткирилди. Курмандыктар жок. Окуя 2-февралда болгон.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигине караштуу Тергөө департаменти билдиргендей, аварияга автобустун алдыңкы дөңгөлөктөрүнүн жарактан чыкканы себеп болгон.

Автобус Бекабаддагы борбордук базардан чыгып, Сырдарыя облусундагы Ширин шаарында жайгашкан ГЭСке бараткан.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>