Тажикстан бүгүн, 17-сентябрь саат 11:15те Баткендеги Достук айылын миномет менен айткылай баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Тажик тарап айылды карай үч минометтук топ менен ок ачкан.
Чек ара кызматы Тажикстан мурда жетишилген ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууга карабай, айылды аткылоого алганын белгиледи.
Чек арачылар каршылаштын чабуулун кайтарууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз