Тажикстан менен Сауд Аравиянын өкмөттөрүнүн ортосунда бажы тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Тажикстандын Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган документке Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун 145/146-сессияларынын алкагында Тажикстандын Бажы кызматынын башчысы Хуршед Абдурахмон Каримзода менен Сауд Аравиянын Закят, салык жана бажы чогултуу башкармалыгынын жетекчиси Сухаил бин Мухаммад Абанми менен эки тараптуу жолугушуусунда кол коюлган.
«Бул документ эки өлкө ортосундагы бажы кызматташтыгынын жана соода-экономикалык мамилелердин жаңы баскычын баштады. Макулдашуу маалымат алмашуу, контрабандага каршы күрөшүү, бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү жана өз ара административдик жардам көрсөтүү сыяктуу багыттарда кызматташууну кеңейтүүнү карайт»,- деп айтылат маалыматта.