Тажикстанда хижаб кийгиндерге айып пул салынат

Тажикстанда хижаб кийгиндерге айып пул салынат

Тажикстанда хижаб кийүүгө тыюу салынат. Бул жөнүндө мыйзам долбоорду 19-июнда Тажикстандын парламентинин жогорку палатасы кабыл алды.

“Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүдө  улуттук маданиятка төп келбеген кийим кийүүгө, жарнамалоого жана сатууга тыюу салынып, эрежени бузгандарга 700 доллардан 4 миң долларга чейин айып пул салынары жазылган.

“Салтка туура келбеген кийимге” тыюу салган мыйзамга өзгөртүүлөр быйыл март айында Тажикстандын президенти менен дин кызматкерлеринин жолугушуусунан кийин сунушталган.

Эмомали Рахмон «хижаб деп аталган кийим биздин маданиятка туура келбейт» деп айткан. Аталган мыйзамдагы өзгөрүүлөр тажик президенти кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Кыргызстанда дагы депутат Шарапаткан Мажитова хижабка тыюу салууну сунуштап, мыйзам долбоор иштеп чыккан.

Анда паранжа кийген жана узун сакал койгон жарандарга 2 миң сом айыппул салуу же 30 саатка чейин коомдук жумуштарга тартууну сунуштайт. Эгер жаран бул эреже бузууну кайталаса, ага 4 миң сом айыппул салынат же 40 саатка чейин коомдук ишти аткарат.

Кыргызстанда никаб менен паранжа кийүүгө тыюу салуу сунушталды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Тажикстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>