Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Польшадагы мелдеш: Эки кыргыз балбан финалда кезиге турган болду
20.06.2024 | 17:27
Кыргызстандык балбандар Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинин финалына чыгып, алтын үчүн бири-бири менен күрөшө турган болду.
Эки балбан тең 67 кг салмакта күч сынашууда. Мелдешке катышкан спортчулардын саны аз болгондуктан, балбандар А жана В тайпаларына бөлүнүп күрөштү. Исмаилов менен Бейшекеев өз тайпаларында биринчи орунду ээлеп, финалга чыкты.
Эми эки кыргыз балбан алтын байге тагынуу үчүн күч сынашат. Финалдык беттештер саат 22:00до башталат.
Эскерте кетсек, Польшадагы мелдештин биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) коло байге уткан.