Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Тажикстанда жетим калган 3 кыргыз бала Кыргызстанга өткөрүлдү
23.07.2024 | 17:00
Тажикстанда киши колдуу болгон этникалык кыргыз Абдуфаттох Ибрагимовдун 3 баласы Кыргызстандагы туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге маркумдун жакындары билдиришти.
Алардын айтымында, балдар учурда Баткен облусундагы атасынын туугандарынын камкордугунда.
Эскерте кетсек, Абдуфаттох Ибрагимов, аялы Курбангүл жана эжеси Зулхо үчөө 29-майда киши колдуу болушкан. Алардын 8, 4 жана бир жаштагы балдары томолой жетим калды.
Баткен облусунун Лейлек районунда жашаган туугандары балдарды өз камкордугуна алуу өтүнүчү менен кайрылып, бир жарым айдан ашык убакыттан кийин гана аларды ала алышты.
https://reporter.kg/tazhikstandagy-yj-bylonyn-olymy-batkendegi-tuugandary-okuyanyn-choo-zhajyn-ajtyp-berishti/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом