Виктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөтКыргызстанда айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процесси жөнөкөйлөштү
Тажикстандан аткезчилик менен дары ташууга шектүү кармалды
20.03.2025 | 17:16
УКМК Тажикстандан Кыргызстанга 4 миң 500 даана дары-дармекти мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран Индияда чыгарылган Plastomet-50, Candiblotic, Herpinize-250, Herpinize-500, Galcyclovir дарыларын Баткендин Кара-Бак айылынын чек ара тилкесинде Кыргазстанга алып өтүүгө аракет кылган.
УКМК дарылардын баасы 3 млн сомдон аша турганын, алардын эч кандай коштомо документтери болбогонун жана алар Баткен жана Ош облустарында сатуу үчүн алынып келгенин билдирди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (экономикалык аткезчилик) негизинде кылмыш иши козголгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар