Текебаев: Суу — Борбор Азиянын биригүүсүнө дагы, ажырашуусуна дагы себепкер болот

Текебаев: Суу — Борбор Азиянын биригүүсүнө дагы, ажырашуусуна дагы себепкер болот

Борбор Азия өлкөлөрү климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу жана суу ресурстарын сактоо үчүн биригиши шарт. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Борбордук Азиянын суу ресурстары боюнча илимий жыйында билдирди.

Ал Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркменстанды суу жана жол бириктирерин белгилейт.

«Биздин региондо суу күндөн күнгө азайып бара жатат. Калктын саны жана экономика өскөн сайын бул тартыштык дагы күчөй берет
Ошентип суу экономикалык гана эмес, геосаясый ресурска айланат», — дейт Өмүрбек Текебаев.

«Региондо суунун башаты Кыргызстан менен Тажикстан болуп, бирок суунун негизинен калкы да көп экономикасы да чоң Казакстан менен Өзбекстан пайдаланышат. Климат ысып суу азайса “келе дагы суу бер” деп ал эки өлкө айтаары белгилүү. Ошентип өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыгы менен региондук кызыкчылык, тилекке каршы, дал келе бербейт. “Өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат” деген татаал кырдаалдан чыкса болобу?»,- дейт элчи.

Элчи кошуна өлкөлөргө сууну колдонуу жаатында биргелешкен аймактык саясатты жүргүзүүнү сунуштайт. Анын айтымында, мамлекеттер суу ресурстарын сактоо үчүн жоопкерчиликтүү иш алып барышы зарыл.

Ал Борбордук Азияга сууну пайдалануу боюнча өзүнүн экономикалык түзүмдөрүн, айыл чарба, өндүрүш, жаңы технологияларды киргизүүнү кайра карап чыгуу зарылдыгын айтат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>