Техника кулап түшкөн. Аламүдүндөгү курулушта үч адам каза болду

23.09.2025 | 12:04

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы курулуш объектисинде адам өмүрүн алган кырсык катталды. Чүй ОИББнин маалыматына ылайык, кырсык 22-сентябрда саат 14:10 чамасында ОсОО «НБ» компаниясына таандык курулушта катталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бетон аралаштыруучу мунара орнотулуп жаткан учурда техникалык жабдуу кулап, анын алдында турган имаратты басып калган. Аталган имараттын ичинде ошол учурда үч адам болгон.

Каза болгондор:  

Слесарь Н.Б.,1995-жылы туулган, оператор Ж.А., 1990-жылы туулган, оператор К.Э., 1978-жылы туулган, чет элдик жаран. Маалыматка ылайык, жерине дароо тергөө-оперативдик топ барып, кырсыктын чоо-жайын такташты. Өрт өчүрүү жана куткаруу кызматтарынын жардамы менен маркумдардын сөөгү урандылар астынан чыгарылып, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Задержанный
Задержанный
Задержанный

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоо жайына үч жаран – А.А. (1979-ж.), И.И. (1990-ж.) жана Л.В. (1990-ж.) камакка алынды. Алар аталган бетон заводунда иш алып барган үч башка компаниянын жетекчилери экени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top