АКШ Тайванга 11 миллиард долларга курал-жарак жеткиретОрусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү алдыдагы дем алышта Майамиде өтөрү айтылуудаКыргызстан Орусиядан эмне сатып алат. Орус экспорт борборунун маалыматтарыБишкек занял 54-е место по уровню загрязнения воздухаСадыр Жапаров «Борбордук Азия + Жапония» саммитине катышуу үчүн Токиого бардыОрусиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы талкууланды
Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болду
28.02.2025 | 17:56
Темирболот Абыкеев Баткен шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу документке президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Темирболот Абыкеев буга чейин Оштун Кара-Суу районунун акими болгон. Ал бул кызматты 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын августуна чейин аркалады.
Ал былтыр июлда УКМК тарабынан мыйзамсыз жер берүүгө шектелип кармалып, кийин камактан бошотулган.
Жакында эле Kaktus.media басылмасы ИИМдин билдиргенина таянып жазгандай, Темирболот Абыкеевге козголгон кылмыш иш кылмыштын курамы жок болгондуктан жабылган. “Бизде далилдер жетиштүү болбой калды”, – деген министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом