Теңгиз Бөлтүрүктүн иши. 5 млрд сом каржылык бузуу болгону айтылды
Былтыр “Кумтөрдөгү” текшерүүнүн жыйынтыгы менен 5 млрд сомго жакын каржылык бузуу болгону аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов билдирди.
Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев былтыр “Кумтөрдөгү” текшерүүнүн жыйынтыгы кандай болгонун сурады.
Акматовдун айтымында, текшерүү 5 млрд сомго жакын каржы бузууларды аныктаган.
“Кумтөрдүн мурдагы жетекчилери түзгөн бухгалтердик система, бөлөк системанын баары өзгөрүлгөн эмес экен. Ошондой эле уланып жатыптыр. Биздин текшерүүнүн жыйынтыгы менен 5 млрд сомго жакын каржы бузуулар аныкталган”, – деди ал.
Ал билдиргендей, бул иш боюнча ИИМ, Башкы прокуратура жана УКМК териштирүү жүргүзүүдө.
Депутат Абдалиев, аталган факт “Теңгиз Бөлтүрүктүн ишиби?” деп сурады.
“Ооба, ошол кишинин иши”, – деди Акматов.
Эскерте кетсек, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрь айында кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Анын камактагы мөөнөтү 10-мартка чейин узартылган.
Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.
“Кумтөр Голд Компанинин” мурдагы аткаруучу директоруна издөө жарыяланды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз