Чүйдө баңгилаборатория табылды

Чүйдө баңгилаборатория табылды

Чүй облусунун жашоочусунун үйүнөн баңгизат жасаган лаборатория табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо боюнча баңгилабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Кылмышка шектүү делип Чүй облусунун жашоочусу 1960-жылы туулган К.С. кармалды.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын тергөө амалдарын жүргүзүшкөн.

Тинтүү учурунда К.С. аттуу жарандын үйүнөн 6 даана үч литрлик, 3 даана бир литрлик, 1 даана жарым литрлик банкада жана 3 даана баштыкта салынган кургатылган кочкул-жашыл түстөгү кара куурайдай өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Анын жалпы салмагы 2,5 килограммды түзөт.

Андан сырткары, баңгизаттарды даярдоо, таңгактоо, сатуу жана колдонуу үчүн жабдыктар табылган. Алар электрондук тараза, кайчы, 100 мл көлөмүндөгү  12 бөтөлкөдөгү спирт, 3 даана скотч, бульбулятор, баштыкта салынган аарынын мому, медициналык скальпель болгон.

Кармалган жаран жана далил заттар Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>