Тесттик добуш берүү: жаңы система Россиянын 5 шаарында да текшерилүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн өлкө боюнча бардык шайлоо участкаларында жана Россиянын беш шаарында тесттик добуш берүүнү өткөрүүдө. Иш-чара жаңы аралыктан (дистанциялык) добуш берүү системасын текшерүү максатында уюштурулган.
Бишкектеги ЦУМдун имаратында өткөн тесттик добуш берүүгө коомдук ишмерлер, жарандык активисттер жана ММК өкүлдөрү катышып, системанын иштөө тартибине күбө болушту. Катышуучулар жаңы жабдык үзгүлтүксүз иштеп жатканын белгилешти.
БШКнын маалыматына ылайык, дистанциялык добуш берүү шайлоочуларга каалаган участокто добуш берүүгө шарт түзөт. Тесттик добуш берүү 20 жана 30-октябрда дагы өткөрүлөт.
Аралыктан добуш берүү Россиянын беш шаарында — Москва, Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург жана Иркутскиде да текшерилүүдө. БШК бул ыкма шайлоочулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатып, катышууну арттырат деп күтүп жатат.