Тилемчиликтин жаңы түрү. Эмне үчүн мамлекет башчыларынан үй сурагандар көбөйдү?

16.09.2025 | 16:57

Акыркы убактарда Кыргызстанда чиновниктерден, анын ичинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге же башка жогорку кызмат адамдарына түз кайрылып турак жай, жер тилке же материалдык көмөк суроо көрүнүшү адаттагы көрүнүшкө айланып баратат. Айрым учурларда бул кайрылуулар натыйжа берип, муктаж жарандар үйгө ээ болушууда. Бирок бул көрүнүштүн артында социалдык-экономикалык, саясий жана моралдык-этикалык көп кырдуу маселелер жатат. Тилемчиликтин жаңы формасыбы же элдин чын эле коомдук жардамга муктаждыгыбы? Эмнеге эл турак жайды мамлекет башчыларынан сурап калды? Бул көрүнүш модага айланып баратабы? Албетте,бул көрүнүш коомчулукта түрдүү пикир жаратып жатат. Айрымдар муну муктаждык деп түшүнсө, кээ бирлери тилемчилик дешет. Reporter.kg бул ирет дал ушул маселенин айланасына саресеп салууну эп көрдү.

Эмне үчүн эл жапырт үй сурайт?

Бул көрүнүштүн бир нече негизги себептери бар. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик кызматтар иштебей жатабы? Эл жергиликтүү бийликке эмес, түз эле жогорку жетекчилерге кайрылууну пайдалуу деп эсептеп калды. Себеби ошол жактан гана реалдуу жардам келет деген ишеним бар.Турак жайга муктаж адамдар үчүн атайын кезек, квота же жеңилдетилген шарттар менен үй берүү механизмдери көп учурда начар иштейт же жеткиликсиз. Буга чейин такыр эле жеткиликсиз болчу. Эми гана акырындан ишке ашып келе жатат. Айрым адамдар жардам алып жатканын көргөндө, башкалар да кайрылууга аргасыз болушат. Бул тилемчилик эмес, “үмүт жаралгандын” белгиси. Эл “жетекчи жеке кийлигишсе гана маселе чечилет” деген ишенимде жашап калды. Жогорку кызматтагы адамдар элге жакын көрүнүп, жардам берген учурлар эл арасында үмүт жаратып, башкалар да кайрылууга аргасыз болууда. Ата-эне көп балалуу болгонун мамлекетке милдет катары коюп, “мага жардам бергиле, шарт түзгүлө” деген мамиледе чыгууда. Бул туура эмес сигнал. Мамлекет балдарды багышы эмес, шарт түзүшү керек. Балдарды багуу ата-эненин жоопкерчилиги, ал эми мамлекет колдоочу ролдо гана болушу керек.

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдун жеке кийлигишүүсү менен бир нече үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул аракеттердин аркасында албетте жакшы жарандык позиция көрүнөт, эл арасында “чечим кабыл алат, жардам берет” деген ишеним бар. Бирок эгерде жеке жардамдар системалуу мамлекеттик ишке айланып кетсе, анда жарандар социалдык көйгөйлөрдү мыйзамдуу жол менен эмес, “жогорку жактан суранып” чечүүгө көнүп калат. Бул албетте коомдун өнүгүшүнө чоң тоскоолдук жаратат.
Турак жай ар бир жарандын суранып алышы керек болгон кайрымдуулук эмес, ал анын конституциялык укугу болушу керек. Мамлекет турак жай маселесин жеке көрсөтмөлөр менен эмес, ачык-айкын механизмдер менен чечүүгө милдеттүү. Эгерде биз ар бир жарандын маселеси мамлекеттик деңгээлде, мыйзам жолу менен чечилүүсүн кааласак анда кайдыгер болбой, мамлекеттик кызматтардын жоопкерчилигин талап кылышыбыз керек. Жеке жардам жакшы, бирок мыйзам жана система менен чечилген көйгөй туруктуу чечим.


Эмнеге жарандар үйдү мамлекеттик органдардан эмес, жетекчилерден сурайт?

Бул көрүнүш — жөн эле тилемчилик эмес. Бул терең коомдук, социалдык жана саясий себептерге ээ. Тактап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (акимияттар, мэриялар, социалдык камсыздоо бөлүмдөрү) жарандардын муктаждыктарын толук чечип бере албай жатат. Тескерисинче, бюрократия, көңүл кош мамиле жана ишенимсиздик жаралып калган. Натыйжада эл жогорку бийликке гана ишенет.

Жетекчилер жеке жардам берүүдө

Президент Садыр Жапаров дагы элдин кайрылуусуна түз жооп берип, турак жай маселесин чечүүгө аракет кылган учурлар бар. Мисалы, Ак-Ордо конушунда үйү мыйзамсыз деп бузулган аялга жаңы үй салып берүү тапшырмасын берип, аны аткарып берген. Мындан сырткары, мамлекет башчы “үйү жоктор үйлүү болсун” деген максатта, мамлекеттик ипотека программасы аркылуу көп кабаттуу үйлөрдү салып, элге узак мөөнөттүү төлөм менен берүү механизмин ишке ашырууда.

Мисал иретинде, соңку айларда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам берген учурларды айтсак болот:

– Адилет Уланбек уулу — Кара-Кулжадан чыккан, 1-топтогу майып, төрт бир туугандын улуусу. Ташиевге кайрылгандан кийин анын үй-бүлөсүнө жаңы турак жай салып беришти.

-Айжан Болотбекова — 29 жаштагы жалгыз бой эне, алты баласы бар, үчөө ден соолугунан жабыркаган. Мэрия жардам бербей койгондон кийин Ташиевге кайрылып, шаардан эки бөлмөлүү батир алды.

– 9 балалуу үй-бүлө — Барпы айылында жолугуп, үйү жок экенин айтып, жардам сурашты. Ал үй-бүлөгө мурда жер жана үй берилгени, кийин сатып жиберишкени ачыкка чыкты.

Элдин баары үй сурай берсе болобу?

Мамлекеттин ресурсу чектелүү. Ар бир жаран жеке кайрылып, турак жай сурай берсе, мамлекеттин негизги принциптери мыйзамдуулук, теңдик жана ачык-айкындык бузулат. Эгерде бирөө жардам алып, ошол эле абалдагы башка адам ала албай калса бул социалдык теңсиздикти жаратат. Андан тышкары, мамлекеттик кызматкерлердин милдетин жогорку жетекчилерге түртөт, жарандар системага эмес, адам факторуна көз каранды болуп калат, коомдо эмоция менен чечим кабыл алуу өнөкөтү күчөйт.

Президент жана күч органдары кайрымдуулук иши менен алек болушу керекпи?

Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана башка жетекчилердин жардам берүүсү жеке инсан катары ыймандуулуктун, адамгерчиликтин белгиси. Бирок алар жеке эмес, мамлекеттик жетекчи катары системалуу, адилеттүү механизмдерди түзүп берүүгө милдеттүү.

Scroll to Top