«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
ТИМ: АКШда сабалган кыргыз жигит Орусия жараны
15.08.2024 | 16:00
Чикаго шаарында кол салууга кабылган кыргызстандык Шайлообек Базарбай уулу Орусиянын жараны. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ал капчыгы менен бирге паспортун жана аскердик билетин дагы жоготкон.
“Жергиликтүү полиция менен күн сайын кызматташып, тергөө штаттык режимде уланып жатат. Жабырлануучу эч кандай каржылык жана башка жардамга муктаж эмес”, – дейт ТИМ.
Эскерте кетсек, Шайлообек Базарбай уулун АКШда өспүрүмдөрдүн тобу сабап, тоноп кетишкен. Анын буту сынып, жаңы машинасы талкаланып, буюм-тайымы, капчыгы уурдалган.
Америкалык медиага маегинде, Шайлообек Базарбай уулу Чикагонун полициясы чара көрбөй, өспүрүмдөрдү кармабай жатканына арызданган.
https://reporter.kg/tim-akshda-sabalgan-kyrgyz-zhigittin-ishin-kozomolgo-aldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом