ТИМ: Чет өлкөлөрдө 40 шайлоо тилкесинде добуш берүү активдүү жүрүп жатат
Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринде добуш берүү процесси уланып жатат.
ТИМдин маалыматына ылайык, Россия, Япония, Түштүк Корея, Кытай, Малайзия, Монголия, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Пакистандагы 40 шайлоо тилкесинде добуш берүү активдүү жүрүүдө.
Учурда чет өлкөлөрдө 1559 кыргызстандык жаран добуш берип үлгүргөн.
Жалпысынан 34 өлкөнүн 89 шаарында 100 шайлоо участогу уюштурулган. Убакыттагы айырмачылыктардан улам айрым өлкөлөрдө добуш берүү кечирээк башталат.
Шайлоо процесси акыркы болуп АКШнын Сан-Франциско шаарында жыйынтыкталат — Бишкек убактысы менен 1-декабрда саат 10:00дө соңуна чыгат.
Москвада жайгашкан Кыргызстандын элчилигиндеги шайлоо участогунда да добуш берүү башталып, эл узун кезекте турганы кабарланды.