БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
ТИМ өкүлү Кытайдын элчилиги менен жарандар үчүн визалык жол-жобону жеңилдетүү маселесин талкуулады
04.11.2024 | 16:05
ТИМдин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумкадыр уулу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Ли Баоцзе менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушууда эки өлкөнүн консулдук тармактагы кызматташуу маселелери талкууланган. Жумкадыр уулу Кыргызстандын өкмөтү Кытайдан келе турган уюшма туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейин визасыз режим киргизгенин айтып берген. Ошондой эле ал кытай тараптан Кыргызстандын жарандары үчүн визалык жол-жобону жеңилдетүү маселесин көтөргөн.
https://reporter.kg/kytajdan-kele-turgan-turisttik-toptor-ychyn-vizasyz-rezhim-kirgizildi/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом