ТИМ Орусиядагы мигранттардын уюлдук байланышынын өчүрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди

02.07.2025 | 09:43

Орусияда чет өлкөлүк жарандардын уюлдук байланышын өчүрүлүшү тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, Орусияда кабыл алынган жаңы мыйзамдарга ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар SIM-карталарды Орусияда оператордун кеңсесине барып гана сатып ала алышат. Бул үчүн алар банк бөлүмдөрүндө биометриялык идентификациядан (беттин сүрөтү жана үн жазуу) өтүшү керек.

“Ал эми буга чейин SIM-картага ээ болгон жарандар байланыш өчүрүлүп калбашы үчүн өздүгүн тастыктап, төмөнкү документтерди мобилдик байланыш салонуна тапшырышы зарыл: СНИЛС (Россиянын Социалдык фондунун бөлүмдөрүндө берилүүчү жеке эсеп номери), IMEI-код, “Госуслуги” порталынын маалыматы жана биометриялык маалыматтар”,- деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top