ТИМ жарандарды Индия менен Пакистанга барбай турууну сунуштады

ТИМ жарандарды Индия менен Пакистанга барбай турууну сунуштады

Пакистан менен Индиянын чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна жана ракета соккуларын кошо камтыган аскердик аракеттер тууралуу кабарларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга абал турукташмайынча аталган мамлекеттерге барбай турууну эскертти.

Ал эми учурда  аталган мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарына өзгөчө этияттык чараларын көрүү жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталды.

«Пакистан авиация органдарынын маалыматына ылайык, Исламабад шаарындагы эл аралык аэропорт убактылуу бардык каттамдар үчүн жабылган. Пакистандын жарандык авиация башкармалыгы кырдаал турукташкандан кийин аба каттамдары кайра жанданарын билдирген»,- деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаал же шашылыш жагдайлар пайда болгон учурда, жарандар Кыргызстандын төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө тез арада кайрылууга тийиш:

  • Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону: (+91) 9599921779;
  • Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону: +92 330 3717 771.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>