Манас шаарында 15 жаштагы кыз ымыркайын эшиктин алдына таштап кеттиУурулар Ленин айылындагы үйдөн баалуу буюмдар менен акчаларды уурдашкан«Бала береке» жөлөк пулу эгиз төрөлгөндө ар бир балага өзүнчө берилетСадыр Жапаров: Баары эле эксперт болуп кеттиДушанбедеги самитте СНГ+ түзүмүн түзүү маселеси каралатЭл аралык студенттик кинофестиваль Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналат
Тогуз-Тородо эки медик Египетке жана Өзбекстанга барып эс алууга жолдомо алды
02.07.2024 | 09:20
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда эки медицина кызматкерине чет өлкөгө жолдомо берилди.
Маалым болгондой, райондо Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулган. Анда аким Манас Мураталиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондогу оорукананын Соматика бөлүмүнүн башчысы дарыгер Канышай Мамыровага Египетке 7 күнгө, улуу медайым Күмүшкан Кыргызбаевага Өзбекстанга 7 күнгө жолдомо берген. Ошондой эле бир катар медицина кызматкерлерине Ардак грамоталар тапшырылган.
Андан тышкары айыл өкмөттөр, оорукананын профсоюзу тарабынан сыйлыктар жана акчалай белектер берилген.
Тогуз-Торо районунда 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 7 ФАП жана райондук оорукана бар. Аларда жалпы 200дөн ашык медицина кызматкери иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом