Токмокто 17 жаштагы кызды уурдап кетип, кыйноого алган эркек менен аял кармалды
Чүй облусунда милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды мыкаачылык менен уурдоого шектелген эки адамды кармашты. Бул тууралуу 21-январда облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя Токмок шаарында болгон. 18-январда укук коргоо органдарына жергиликтүү тургун кайрылып, 2008-жылы туулган кызына карата жасалган кылмыш тууралуу арыз жазган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 17-январда саат 17:00 чамасында «Атаке» дүкөнүнүн жанынан эркек киши менен аял кызды унаага күчтөп салышкан. Кылмышкерлер жашы жете элек кызды ар кайсы жерге алып барып, физикалык зомбулук көрсөтүшкөн: алар жабырлануучуну сабап, жаракат келтирип, муунтууга аракет кылышкан. Жыйынтыгында уурдагандар кызды Чүй айылындагы «Жаннат» мейманканасынын жанына таштап кетишкен.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция шектүүлөрдүн өздүгүн аныктап, аларды колго түшүрдү. Алар:
- 1994-жылы туулган жаран А.А.;
- 1993-жылы туулган жаран А.Э. болуп чыкты.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси («Адам уурдоо») менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине (КБР) катталды. Шектүүлөрдүн экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.