Токмокто 5 кг салмактагы ымыркай төрөлдү

Токмокто 5 кг салмактагы ымыркай төрөлдү

Токмок шаарында 5 килограмм салмактагы кыз төрөлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ымыркай дени сак, апасынын абалы да канааттандырарлык экени айтылды. Бул кубанычтуу окуядан кийин Токмок шаарынын мэри Алтынбек Эргешов төрөтканага барып, жаш энени куттуктады.

Шаар башчысы эне-балага ден соолук, үй-бүлөгө бакубат жашоо каалап, 10 миң сомдук сертификат тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>