Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Токмокто депутаттыкка талапкер сабалды
30.03.2021 | 11:18
13-мартта Токмок шаарында жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерди сабап кетишти. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу билдирди.
Анын айтымында, окуянын бардык катышуучулары аныкталды, тиешелүү экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.
Бул факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестирине бейбаштык беренеси боюнча катталган.
Ички иштер министрлигинин кызматкери өзү айткандай, жарнамалабоо үчүн талапкердин атын атоодон баш тартты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат