Токмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду

21.10.2025 | 21:00

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен Central Asia Capital инвестициялык фонду Токмок шаарына инновациялык технохабды (Central Asia Hub) куруу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган фонд кабарлады.

Маалыматка ылайык, технохаб Токмок шаарындагы 7 гектар аянтка курулат. Ал стартаптар, өндүрүш компаниялары жана илимий-изилдөө лабораториялары чогулган борборго айланат.

Хабдын алгачкы этабында «АвтоВАЗдын» колдоосу менен Muras автоунаа заводу долбоору ишке кирет. Бул долбоорго Central Asia Capital буга чейин 30 миллион доллар инвестиция салган. Мындан тышкары, бул аянтчада медициналык рентген жабдууларын, робот техникасын жана интеллектуалдык автоматташтыруу системаларын чыгаруу да пландалууда.

“Хабдын модели мамлекет менен жеке капиталдын бекем өнөктөштүгүнө негизделген. Санариптик өнүктүрүү министрлиги стратегиялык багытты аныктайт, ал эми Central Asia Capital фонду инвестицияларды жана долбоорлорду коммерциялаштырууну камсыздайт. Мындай ыкма узак мөөнөттүү туруктуулукту, жаңы инвесторлорду тартууну жана заманбап жумуш орундарын түзүүнү камсыздайт”- деп билдирди фонд.

Эске салсак, буга чейин Токмок шаарынын мэри Алтынбек Эргешов менен Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов жана Central Asia Capital фондунун негиздөөчүсү Антон Собин жолугуп, аталган хаб үчүн бөлүнгөн жер тилкесин тааныштырган.

Scroll to Top