Жакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалдыЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдадыПрезидент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалдыКыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылды
Токмоктогу каргаша. Балдардын укуктары боюнча өкүл комментарий берди
16.09.2025 | 14:55

Балдардын укуктары боюнча мамлекеттик өкүл Асель Чынбаева Чүй облусундагы эки баланын өлүмүн чоң трагедия деп атап, бул үй-бүлөнүн каттоодо турбаганын билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөдө башка балдар да жашайт. Социалдык кызматтар аларды атасынан ажыратуу жана тиешелүү мекемелерге жайгаштыруу аракетин көрүшкөн. Бирок балдардын ата-энелик укугу эске алынып, атасы аларды жайгаштыруудан баш тартып, жакын туугандарына берген.
Чынбаева ошондой эле аялдын учурда изоляцияда экенин, экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.
“Менин оюмча, анын олуттуу көйгөйлөрү бар. Жыйынтык чыккандан кийин дагы ачыкка чыгат”, — деди Асел Чынбаева.