Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
230 миң доллар! Кыргызстандагы футбол турнирлеринин байге фонду көбөйдү
16.09.2025 | 15:15

Кыргыз футбол биримдиги 2025-жылы өлкөдөгү негизги клубдук турнирлердин байге фондун жогорулатканын маалымдады. Бул чечимди уюмдун аткаруу комитети кабыл алган. Жалпы сумма — 230 миң доллар.
Байге каражаттары төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- Жогорку лига чемпионаты — 150 миң доллар
- чемпионго — 70 миң доллар
- 2-орунга — 50 миң доллар
- 3-орунга — 30 миң доллар
- Кыргызстандын кубогу — 50 миң доллар (кубок ээси үчүн)
- Суперкубок — 30 миң доллар (жеңүүчү командага)
КФБ бул демилге улуттук футбол турнирлеринин аброюн көтөрүп, атаандаштыкты күчөтүп, клубдарды кошумча шыктандырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.