Токой чарбасы агентигинин бир нече кызматкерине иш козголду

Токой чарбасы агентигинин бир нече кызматкерине иш козголду

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин бир нече жооптуу кызматкерлери өлкө казынасына 7 миллион сомдон ашуун зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Өкмөттүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттикте текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анда аталган ведомствонун жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2018-2020-жылдары жеке жана юридикалык жактарга дары өсүмдүктөрүн терүү үчүн уруксат кагаздарын берүүдө мыйзам менен белгиленген төлөө акылары толук ченемде өндүрүлбөй, аталган өсүмдүктөр чет өлкөлөргө чыгарылып кеткендиги аныкталган.

Натыйжада, Агенттиктин кызмат адамдарынын мыйзамсыз кыймыл аракеттеринен улам мамлекетке 7 290 488 сом зыян келтирилген.

Буга байланыштуу 4-январда кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>