Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Токтогулда 30 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду
18.03.2026 | 16:22

Жалал-Абаддын Токтогул районунда 30 гектар кайрак жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду. Айыл чарба министрлигинин маалыматында, долбоор суу ресурстарын үнөмдөө жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү максатын көздөйт.
Эми аталган аянтка 15 гектар алма жана 15 гектар Кокон гиласынын көчөттөрүн отургузуу менен интенсивдүү бакча түзүү иштери башталат. Көчөттөр бир сорттон тандалып, агротехникалык талаптардын негизинде өстүрүлөт.
Бул демилге көрсөтмөлүү жана эксперименталдык мүнөзгө ээ. Объект Бишкек–Ош унаа жолунун боюнда жайгашкандыктан, технологияларды жайылтуу үчүн пайдаланылат.
Долбоор райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан каржыланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом