Токтогулда марихуана сатып жаткан жаран кармалды
Жалал-Абадда баӊгизат сатууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБдин Баӊгизаттарын мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмчөсү (БМЖККБ) тарабынан облус аймагында “М” каймана аттуу атуул баӊгизатын сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.
Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
17-март күнү саат 23:40 чамасында Жалал-Абад ОИИБдин БМЖККБ кызматкерлери тарабынан Токтогул районунун аймагынан Токтогул районунун тургуну 1972-жылы туулган А.У. 10 даана ширеӊке кутучасынын формасындагы кара күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар затты, 1 литрлик банкага салынган марихуана баӊгизатына окшогон затты сатып жаткан жеринен кармалган. Ошондой эле өз ыктыяры менен өзү жашаган үйдөн 1 капка салынган марихуана баӊгизатына окшогон затты тапшырган.
Жалал-Абад ОИИБдин криминалистикалык кызматынын корутундусуна ылайык, кара күрөӊ түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат 74 гр гашиш баӊгизаты, 1 литрлик банкага салынган зат 178 гр марихуана баӊгизаты жана 1 капка салынган зат 7 кг марихуана баӊгизаты экендиги аныкталган.
Кармалган атуул Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.
[image_carousel source=”media: 183295,183296,183297,183298″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз