Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Токтогулдагы суунун көлөмү 12 млрд куб метрден ашты
30.06.2022 | 17:39
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард метр кубдан ашты. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул былтыркы жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу туура 1 миллиард кубометрге көп. 2021-жылдын 30-июнунда өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 11 миллиард 60 миллион куб метр болчу.
Белгилеп кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.