Бишкек – Ош жолунун 132-чакырымында, Төө-Ашууда унааларды кар көчкү басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 18:04тө Төө-Ашуунун эки жеринде көлөмү 3500 куб метр болгон кар көчкү жүрүп, 6 жеңил унаанын жана 1 «Спринтердин» үстүнө түшкөн. Кар жеңил унаалардын бирин толук басып калган.
Жерине куткаруучулар, милици кызматкерлери, атайын техника тартылган. Куткаруучулар кар алдында калган унаадан 4 адамды алып чыккан. Алардын ичинен бир аял эс-учун жоготкон абалда болгон. Аны тез жардам алып кеткен.
Министрлик «Арал» жана «Сосновка» постторунда унаалар үчүн чектөө киргизилгенин белгиледи.